logo_MON
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги
courseImage
courseBg

Курстун башталышы:
20.02.2025

Узактыгы:
3 ай

Курстын акысы:
8000 сом

Окуу формасы:
Күндүз

Жатакана:
Бар

Телефон:
0700 18 90 64

Тигүүчү

№25 Кесиптик лицейи

Кант шаары, М. Горький, 1 а кочосу

Тигүүчү кесиби кийим тигүүнүн ар кандай түрлөрүн жасоону камтыйт, жөнөкөй кийимдерди оңдоодон баштап, буйрутма менен татаал буюмдарды жасоого чейин. Тигүүчүлөр мода, текстиль, кийим оңдоо жана тейлөө сыяктуу ар кандай тармактарда суроо-талапка ээ. Негизги көндүмдөр: Кол жана машина тигүү ыкмаларын өздөштүрүү ; Ткандардын ар кандай түрлөрүн жана алардын касиеттерин билүү. Тигүү жабдуулары менен иштөө мүмкүнчүлүгү ; Жөнөкөй буюмдарды иштеп чыгуу жана долбоорлоо жөндөмү ; Декорация жана жасалгалоо чеберчилиги.

Окуу модулдары: Тигүүчү кесибине киришүү; Материал таануу; Куралдар жана жабдуулар; Тигүү негиздери; Кийимдерди долбоорлоо жана моделдөө; Жөнөкөй буюмдарды тигүү; Даяр үлгүлөр менен иштөө;  Кийим тигүү;  Жасалгалоонун негиздери;  Жыйынтык долбоору; Курстун артыкчылыктары: Теорияны жана практиканы камтыган комплекстүү окутуу; Тажрыйбалуу мугалимдер менен иштөө; Жыйынтыктоочу долбоордун алкагында өз буюмуңузду түзүү мүмкүнчүлүгү

Курстун программасы

  1. Тигүү буюмдарынын технологиясы - 114 саат
  2. Тигүү өндүрүш жабдуулары - 20 саат
  3. Кийим өндүрүү үчүн  материал таануу - 18 саат
  4. Эмгекти коргоо жана өндүрүштүк экология - 8 саат
  5. Бизнес жана ишкердиктин негиздери - 18 саат
  6.  Эмгек мыйзамдарынын негиздери - 6 саат 
  7. Экзамен 
  8. Өндүрүштүк окутуу - 290 саат
Секторду өнүктүрүү программасы, Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр долбоору
алкагында КР ББжИМ тарабынан иштелип чыгарылган

© Бардык укуктар корголгон КР ББИМ